- Бала бакчалар
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
- Жаңылыктар
ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунда Комуз майрамы

2025-жылдын 9-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы бала бакчада Комуз күнү белгиленди. Иш-чаранын максаты – бөбөктөргө кыргыз элинин улуттук аспабын таанытып, маданий баалуулуктарды бала кезден сиңирүү болуп саналат.
Майрам учурунда тарбиячылар комуз жөнүндө кыскача маалымат берип, анын үнүн угузушту. Бөбөктөр комуздун коштоосунда ыр ырдап, бийлеп, көркөм чыгармаларды аткарышты. Балдардын кызыгуусун арттырган оюн-зооктор жана кичинекей концерттик программа уюштурулду.
Мындай иш-чаралар аркылуу улуттук аспаптарды даңазалоо жана маданий мурастарды урпактан-урпакка өткөрүү максат кылынууда.