- Бала бакчалар
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
- Жаңылыктар
1-сентябрь – Билим майрамы!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюмунда 1-сентябрь – Билим майрамы чоң кубаныч жана көтөрүңкү маанай менен белгиленди. Бул күндө балдардын жүздөрүнөн жаркын күлкү, жүрөктөрүнөн толкундануу, ал эми маанайларынан чексиз кубаныч байкалды.
Билим майрамы – балдар үчүн гана эмес, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн да өзгөчө мааниге ээ болгон күн. Анткени билим дүйнөсүнө жасалган ар бир кадам келечектин бекем пайдубалы болуп саналат.
Ар бир бала бактылуу балалыкта жашап, билимдин жарыгынан таасир алып өссүн! Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында илим-билимдин оту ар дайым жанып турсун!