- Бала бакчалар
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү уюму
- Жаңылыктар
Сүйүнүчтүү кабар!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов К.Ж. ЖАМУнун алдындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун интерактивдүү панель менен камсыз кылууга көмөк көрсөттү.
Бул жаңылануу билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана балдар үчүн ыңгайлуу окуу чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Интерактивдүү панелдин жардамы менен:
– окутуу нагыраак жана жеткиликтүүрөөк болот,
– сабактар кызыктуу жана таасирдүү өтөт,
– видео, сүрөттөр, оюндар жана тесттер аркылуу балдар билимди жеңил өздөштүрө алышат.
Бул кадам ЖАМУнун мектепке чейинки билим берүү тармагында заманбап окутуу ыкмаларын жана санариптик технологияларды кеңири колдонууга карай маанилүү кадам болуп саналат.