1. Башкы бет
  2. Мектептер
  3. ЖАГУнун инновациялык мектеби
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

276

ЖАМУДА ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетик университетинде инновациялык мектеп ачылды.

     ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабековичин демилгеси менен окуу жайдын астында инновациялык заманбап мектеп ачылып, иштей баштады.

    Инновациялык мектептин окуучулары 2024-2025-окуу жылында кабыл алынып, ректор тарабынан билим ачкычын апшыруу аземи болуп өттү. Аземде К.Ж.Усенов балдарды билим күнү менен куттуктап, алардын окууларына ийгиликерди каалады. “Урматтуу окуучулар жана мугалимдер сиздерди билим күнүңөр менен куттуктайм жана инновациялык мектепке кош келиңиздер! Бул мектептен заманбап билимге ээ болуп, келечекте өз кесибиңердин мыктысы болгула. Сиздердин терең билим алууңар үчүн толук заманбап шарттар түзүлгөн. Баардык мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, алдынкы окуучулардан болушуңарды чын дилимден каалайм – деди ал.

      Инновациялык мектептин директору Аида Макееванын айымында мекеп 1500 балага ылайыкташтырылган. Азыркы кезде 200гө жакын окуучу 1-класстан 8-класска чейин билим алышууда. Башка мектептерден айырмачылыгыбыз өзгөчө сабак окутуу методикасы колдонулат. Ошондой эле интерактивдүү методдор колдонулат. Балдарга өзгөчо мамиле жаслат. Андан сырткары 1-класстан тарып окуучуларга кытай, англис тилдери үйрөтүлө баштайт жана робототехникаларды жасаганды үйрөнүшөт. Бий ийримине катыша алышат. Жогорудагылардын бардыгы акысыз үйрөтүлөт – дейт директор.

Сабак 8:00дөн 16:00гө чейин болуп, балдарга 3 маал ысык тамак берилет.   Биздин дарек: .Т.Байзаков  проспектиси,

Байланыш номери:0500-51-07-00