1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

149

Филология факультетинин жарым жылдык жыйынтык отчету

2024-жылдын 12-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин жалпы жамааты факультеттин окуу уюштуруу, илимий изилдөө, коомдук-тарбиялык иштеринин жарым жылдык жыйынтык отчетун тапшырышты.  

Факультеттин англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика, немец тили жана факультеттер аралык чет тили, орус филологиясы кафедраларынын башчылары  видеослайд аркылуу ар бир кафедранын багыттар боюнча аткарылган иштери тууралуу отчет беришти. Ар бир кафедранын ишмердүүлүгүнүн  жетишкендиктерин, алсыз жактарын, кемчиликтерин жоюу жолдорун камтыган анализ жасалды. Жыйындын соңунда факультеттин деканы фил.и.к., доцент Ч.А.Асылбекова жалпы факультеттин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип кетти. Тапшырылган отчеттор канааттандырарлык деп табылды.