Тил илиминин теориялык маселелери
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, КРУИА корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыков Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде 2024-ж. 12-апрель күнү аспиранттарга, магистранттарга, студенттерге жана окутуучуларга “Тил илиминин теориялык маселелери” деген темада конок-лекция окуду.
Филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыковго Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан ыраазычылык кат берилди.