1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

175

Филология факультети жазгы жашылдандырууда

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү уюмдарында жалпы республикалык көчөт отургузуу өнөктүгүн уюштуруу жөнүндөгү 27.03.2024 №484/1 буйруктун негизинде №171-т “Бир окуучу – бир көчөт” акциясын колдоо максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 06.04.2024 күнү профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин  катышуусунда  ишембилик  болуп өтт. Ишембиликте алма, өрүк, алча ж.б. түрдүү көчөттөр олтургузулду. “Бир окуучу – бир көчөт” акциясына факультеттин деканы фил.и.к., доцент Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика, немец тили жана факультеттер аралык чет тили, орус филологиясы кафедраларынын окутуучулар жамааты жана студенттери активдүү катышышты.