1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

58

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ — КЫРГЫЗ РУХУНУН ААЛАМДЫК БИЙИКТИГИ»

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы №460-т «Залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар планы жөнүндө» тескемесин турмушка ашыруу максатында бүгүн 24-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын English Drama Club ийриминин жетекчиси Насиба Жумабекова “Чыңгыз Айтматов — кыргыз рухунун ааламдык бийиктиги” деген темадагы маданий-адабият кечесин уюштурду.

Иш-чаранын негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын улуттук жана дүйнөлүк адабияттагы ордун таанытуу, жаштардын көркөм-эстетикалык табитин, мекенчилдик сезимин жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын арттыруу менен бирге, залкар жазуучунун адамзаттык идеяларын азыркы муундун көз карашы аркылуу ачып көрсөтүү болду.

Кеченин жүрүшүндө ийримдин мүчөлөрү, ЧТ-1-24 тайпасынын студенттери Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсү тууралуу баяндаган слайддык презентациялар көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларындагы адам, эне, мекен, табият, улуттук иденттүүлүк, аялзаты жана руханий баалуулуктар темаларын ар түрдүү чыгармачылык форматтарда чагылдырышты.

Көркөм окууларда «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Алтынайдын жана «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын образдары жанданып, сахналаштыруу аркылуу «Кылым карытаар бир күн» чыгармасындагы терең философиялык идеялар көрүүчүлөргө тартууланды.

Өзгөчө студенттердин Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эсселери, илимий-чыгармачылык баяндамалары жана сүрөт көргөзмөсү кеченин мазмунун байытып, залкар жазуучунун мурасын жаш муундун кабылдоосу аркылуу ачып берди. Викторина жана суроо-жооп бөлүгү катышуучулардын Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча билимдерин бекемдөөгө шарт түздү.

Кече улуттук күүлөр, «Ысык-Көлдү сагынуу» чыгармасы, ар түрдүү улуттардын бийлеринен турган композиция жана студенттердин аткаруусундагы «Жакшы адамдар» аттуу хор менен коштолду.

Иш-чаранын өзгөчө маанилүү жана көркөм өзгөчөлүктөрүнүн бири — Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган мазмундуу китеп жана чыгармачылык көргөзмөнүн уюштурулушу болду. Көргөзмө университеттин китепканасынын кызматкерлери менен биргеликте даярдалып, анда залкар жазуучунун чыгармалары, анын ичинде үч томдук энциклопедиялык басылмалары кеңири коюлду.

Мындан тышкары, студенттердин өз колу менен тарткан сүрөттөрү жана Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылган улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана руханий мурасты даңазалаган көркөм жасалгалар көргөзмөнүн мазмунун байытты. Китептер менен студенттердин чыгармачылыгын айкалыштырган бул көргөзмө көрүүчүлөргө Айтматовдун көркөм дүйнөсүн дагы бир ирет таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, улуу жазуучунун мурасы китеп беттеринде гана эмес, жаш муундун жүрөгүндө жана чыгармачылыгында да жашап жатканын айгинеледи.