1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

90

Филология институту жылды жыйынтыктады

Ф.и.к., доцент Ч.А. Асылбекова Филология институтунун 2025-2026-окуу жылындагы комплекстүү ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетун берди. Маанилүү жыйынга ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Г.С. Токоева, Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ж.Б. Шамиев катышып, институттун жетишкендиктерине күбө болушту. Отчетто беш кафедранын окуу жүктөмдөрү жана окуу-усулдук иштери графикке ылайык толугу менен аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле илимий изилдөө иштериндеги жыл ичиндеги аткарылган иштер жана жетишкендиктер, тарбиялык иштердеги жетишкендиктер, практика боюнча алдыңкы тажрыйбаларга токтолду. Алдынкы кафедралар, окутуучулардын ийгилктери баса белгиленди. 

Ички рейтингдин жыйынтыгында орус филологиясы кафедрасы 1-орун, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 2-орун, Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы  3-орунду  камсыздаганы өзгөчө сыймыктануу менен айтылды. Окуу процесси менен катар студенттерди мекенчилдикке жана сергек жашоого багыттаган тарбиялык иштер системалуу түрдө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында катышуучулар институттун өткөн окуу жылындагы алгылыктуу иштерин жогору баалап, келечектеги пландарын колдоого алышты.