1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

Филология институту биринчиликти багындырды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алкагында өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” тууралуу №369 Жарлыгын ишке ашырууга багытталган “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аттуу масштабдуу кароо-сынактын соңку жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү расмий түрдө чыгарылды.

Бул сынакка филолог-студенттер улуттук баалуулуктарды, тил жана маданияттын биримдигин, ошондой эле ата-бабалардан калган улуттук наркты заманбап көз карашта жогорку деңгээлде чагылдырган программаны тартуулашкан. Команданын сахнадагы чечендик өнөрүн, маданияттуулугун, мекенчилдик сезимди козгогон вокалдык аткарууларын жана дүйнө элдеринин бийлери аркылуу көрсөткөн көп кырдуу таланттарын Имаралы кызы Назбийке жана Маматкулов Нурбек жогорку деңгээлде даярдашкан.

Фестиваль аркылуу билим менен өнөрдүн ширелишин, кесипке болгон терең сый-урматты жана бийик ынтымакты далилдей алган Филология институту кароо-сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Окуу жайдын өнүгүүсүнө, анын кадыр-баркын көтөрүүгө жана улуттук демди даңазалоого кошкон зор салымы үчүн Филология институтунун командасы I даражадагы Диплом жана 7000 (жети миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен салтанаттуу түрдө сыйланды.