1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

164

ДЕН СООЛУК БУЛАГЫ -СПОРТ

 Филология факультетинин студенттери үчүн, жаштар комитети тарабынан , алардын колдоосу жана уюштуруусу менен студенттердин ынтымактуулугун, ден соолугунун чыңдыгын, руханий-баалуулуктарын, маданиятын өнүктүрүү жана жогорулатуу максатында 28-март күнү кафедралар аралык волейбол боюнча  спорттук мелдеш өткөрүлдү.

«Жакшы ден соолук – бул жөн гана оорудан жапа тартуунун жоктугу эмес, ал адамдын дене, психикалык жана социалдык толук гармонияда болушу” -  демек студенттердин ден соолугун чыңдоо жана бекемдөө үчүн чөйрө түзүү менен алардын ички дүйнөсүн өзгөртүү, психологиялык ден соолукту камсыз кылуу жана зыяндуу заттарга (тамеки,спирт ичимдиктери,наркотикалык заттар) каршы турууга үйрөтүү,калыптандыруу,туура жашоо образын пропагандалоо максатында  ден соолук күнү белгиленди.

Оюнга бир топ командалар топтолду, алар филология факультетинин англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика, немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер, орус тили филологиясы кафедраларынын студенттери катышышты. Аталган спорттук иш-чарага филология факультетинин деканы фил.и.к., доцент Ч.А.Асылбекова катышып, спорттун жашоодогу орду жана ден соолукка болгон таасири жөнүндө айтып, уюштурулган оюн өз максатына жеткендигин белгиледи.

Мыкты ойногон оюнчулар дипломдор менен сыйланышты. Кыздар арасында болгон оюнда 1-2-3-орунду ээлеген командалар баш байгелер, топ жана теннис ракеткалары берилди. Ал эми балдар арасында өткөрүлгөн оюнда медаль, дипломдор ыйгарылды.