1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

38

Филология институтунда жылдык тарбия иштеринин жыйынтыгы угулуп, кафедралардын иш кагаздары текшерилди

2026-жылдын 2-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунда 2025-2026-окуу жылында аткарылган иштерди жыйынтыктоо жана алдыдагы милдеттерди аныктоо максатында кеңири курамдагы маанилүү жыйын болуп өттү. Иш-чарага университеттин мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор А.Т.Маматумаров, институттун жетекчилиги, кафедра башчылары, кураторлор жана кураторлор курамы толук катышты. Жыйындын алгачкы негизги бөлүгүндө Филология институтунун директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ы.А.Исабаева өтүп жаткан окуу жылында аткарылган тарбиялык, маданий-агартуучулук жана коомдук иш-чаралардын кенен жылдык отчетун тартуулады. Анда студенттердин арасында руханий-адептик баалуулуктарды калыптандыруу, мекенчилдик сезимдерди ойготуу, укуктук сабаттуулукту арттыруу жана жаштарды ар кандай терс агымдардан алыс кармоо багытында уюштурулган иштерге терең талдоо жасалды. Ошондой эле, окуу жайда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, академиялык тазалыкты жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында студенттер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана куратордук сааттардын натыйжалуулугу өзгөчө белгиленди.

Жылдык отчет угулгандан кийин жыйын суроо-жоооп, сунуш жана кызуу талкуу форматында уланды. Жыйындын соңку маанилүү этабында Филология институтунун курамындагы бардык кафедралардын расмий документацияларынын абалын текшерүү процесси уюштурулду. Бул багытта атайын түзүлгөн комиссия кафедралардагы жылдык пландардын аткарылышын, отурумдардын протоколдорун, куратордук папкаларды жана ички иш кагаздарынын расмий мамлекеттик стандарттарга шайкештигин кылдат текшерүүдөн өткөрдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында документтерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзгөн алдыңкы кафедралардын тажрыйбасы үлгү катары белгиленип, ошол эле учурда айрым аныкталган техникалык кемчиликтерди жооптууларга тиешелүү тапшырмалар берилди. Жалпысынан алганда, бул жыйын институтутун административдик жана тарбиялык ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө, окуу жайдагы ички тартипти жана жоопкерчиликти бекемдөөгө багытталган иш-чара болду.