1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

8

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун жаштар курамынын жылдык отчёту

2026-жылдын 26-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун жаштар курамы тарабынан 2025–2026-окуу жылы боюнча жылдык отчёт өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жыл ичинде аткарылган иштерге баа берүү, студенттердин жетишкендиктерин белгилөө жана келечектеги пландарды талкуулоо болду.Филология институтунун жаштар курамы окуу жылы ичинде маданий, илимий, коомдук жана тарбиялык багыттагы бир катар иш-чараларды уюштуруп, студенттердин активдүүлүгүн арттырууга өз салымын кошту. Жыл ичинде студенттер арасында ынтымакты бекемдөө, мекенчилдик сезимди жогорулатуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында ар кандай маданий кечелер, адабий жолугушуулар, дебаттар, ачык сааттар жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.Ошондой эле студенттер илимий конференцияларга, олимпиадаларга жана ар түрдүү интеллектуалдык сынактарга активдүү катышып, жогорку көрсөткүчтөрдү жарата алышты. Институттун жаштары коомдук иштерде да өздөрүнүн демилгелүүлүгүн көрсөтүп, кайрымдуулук акцияларына, тазалык иштерине жана социалдык долбоорлорго активдүү катышышты.Жылдык отчёттун жүрүшүндө эң активдүү студенттерге жана жаштар курамынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, алардын эмгеги жогору бааланды. Мындан сырткары, алдыдагы окуу жылына карата жаңы максаттар жана пландар сунушталып, жаштардын демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.Филология институтунун жаштар курамы мындан ары дагы студенттердин билим алуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди уланта бермек