1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

130

Улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү

Филология факультетинин деканы фил.и.к., доцент Ч.А.Асылбекова жана окутуучулар жамааты Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралында келген √53-б "Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү" жөнүндөгү буйругуна ылайык, жалгыз бой улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн Жалал -Абад шаарынын жашоочулары Яфуньяев Хасьян Сулейманович жана Колесников Александр Ивановичке барып кабар алып келишти. Факультеттин окутуучулар жамааты окуу жайдын атынан карыларыбызга жакшы каалоо тилектерди айтып, аталган азык-түлүк жана акчалай материалдык жардам көрсөтүштү. Ал эми карыяларыбыз окуу жайдын жетекчилигине, окутуучулар жамаатына  ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти.