1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Филология институтунда АВН порталынын жаңылануусу боюнча студенттерге жана окутуучуларга семинар болуп өттү.

2026-жылдын 15-апрелинде Филология институтунун студенттери жана окутуучулар курамы үчүн маанилүү окуу-семинары болуп өттү. Иш-чарага Санариптештирүү жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун директору Термечикова Алтынкан Мамытовна атайын чакырылып, АВН программасына киргизилген акыркы өзгөрүүлөр жана жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелерге токтолушту:

  • Окутуучулар үчүн: Электрондук журналдарды колдонуу жана окуу материалдарын порталга жүктөөдөгү жеңилдиктер;
  • Студенттер үчүн: Жеке кабинеттеги өзгөрүүлөр, сабакка катышуу жана жетишкендиктерди көзөмөлдөөнүн жаңы функциялары;
  • Жалпы: Системадагы техникалык мүчүлүштүктөрдү алдын алуу жана коопсуздук эрежелери.

Жыйындын соңунда окутуучулар жана студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, программаны колдонуудагы түшүнүксүз жагдайлар боюнча тийиштүү адистен кесипкөй кеңештерди алышты.