1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

Филология институтунун таланттары ЖАМУнун сахнасында жаркырады

2026-жылдын 10-апрель күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында филология институтунун жамааты “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аттуу масштабдуу кароо сынакта өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” тууралуу №369 Жарлыгынын алкагында уюштурулган бул салтанаттуу иш-чарада филолог-студенттер улуттук баалуулуктарды, тил жана маданияттын биримдигин жогорку деңгээлде чагылдырып беришти. Сахна төрүндө институттун намысын коргогон команда бир гана өздөрүнүн чыгармачылык дареметин эмес, ошону менен бирге келечектеги кесибине болгон терең сый-урматын да көрсөтө алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө филологдордун чечендик өнөрү, сахнадагы маданияты жана биримдиги ар бир номерден байкалып турду. Команданын салтанаттуу саламдашуусунан башталган программа кесиптик маанилүүлүктү даңазалаган көркөм көрүнүштөр менен уланды. Өзгөчө толкундатуучу мүнөттөр катары студенттердин өз ата-энелери менен биргеликте сахнага чыгып, муундар аралык байланышты бий аркылуу чагылдырган “Кош жылдыз” номинациясын айтсак болот. Бул көрүнүш үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууда чоң мааниге ээ болуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Ошондой эле студенттер кыргыз элинин байыркы каада-салттарын заманбап көз караш менен жандандырып, улуттук нарктын өчпөс экенин далилдешти. Мекенчилдик сезимди козгогон вокалдык аткаруулар жана дүйнө элдеринин бийлери кеченин көркүн ачып, институттун көп кырдуу талантын ачып берди. Филология институттун студенттери бул сынак аркылуу билим менен өнөрдүн ширелиши – окуу жайдын өнүгүүсүнө кошулган чоң салым экенин дагы бир ирет тастыкташты.

Бул салтанаттуу күн филологдор үчүн биримдиктин, достуктун жана чыгармачылыктын майрамына айланды. ЖАМУнун ар бир ийгилигин даңазалоону максат кылган бул иш-чара катышуучуларга жаңы дем берип, улуттук бийиктикке карай дагы бир кадам болду.