1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

Филология институтунан Социалдык адилеттүүлүк айлыгынын алкагында үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү

Манас шаарында Социалдык адилеттүүлүк айлыгынын алкагында майыптыгы бар үй-бүлөлөрдүн, оор турмуштук кырдаалга кабылган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүп, аларга жардам көрсөтүү каралган. Бул тизме шаар мэриясы тарабынан бекитилип, айрым үй-бүлөлөр Филология институтуна бекитилип берилген.

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Филология институтунун окутуучулары муктаж болгон үй-бүлөлөргө жеке барып, профессордук-окутуучулук курам тарабынан акчалай каражаттар чогултулуп, эң керектүү азык-түлүктөр сатып алынып, ошондой эле жарым-жартылай материалдык жардам көрсөтүлдү. Жардам алган үй-бүлөлөрдүн арасында Жени-Жок конушунун 24/24 дарегинде жашаган Сокурова Самара жана 44/10 дарегинде жашаган Омурзакова Чынара бар.

         Бул адамдардын ар бир жылмаюусу, ар бир ыраазычылык билдирген көз карашы окутуучулар үчүн чоң сыйлык болду. Алардын катышуусу — бул жөн гана жардам эмес, бул чыныгы камкордуктун, адамгерчиликтин жана боорукерликтин көрүнүшү.     Мындай демилгелер жакындарыбызга болгон көңүл буруу жана колдоо адамдардын жашоосун өзгөртүп, үмүт тартуулап, кыйынчылыктарга карабастан алдыга умтулууга күч берерин эске салат.

Бул кичинекей жакшылык чоң жарыкка айланып, адамдардын жашоосуна нур чачкандыгынын айкын мисалы. Мындай иштер бизди адамгерчиликти баалоого, бири-бирибизди сактоого жана башка адамдардын кайгысын кайдыгер калтырбоого үйрөтөт.