1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

31

“Ж.Абыдрахманов – биздин доордун көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири” аталышындагы эссе конкурсу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2024-жылдын 24-июлунда кабыл алынган №205 “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” Жарлыгын, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан берилген №01-20/5582 катын ишке ашыруу максатында окуу жайдын филология институтунда бир катар иш-чаралар уюштурулууда.

Аталган иш-чаралардын алкагында “Ж.Абыдрахманов – биздин доордун көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири” аталышындагы эссе конкурсу өткөрүлдү.

Конкурстун негизги максаты – студенттердин тарыхый аң-сезимин жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн улуу инсандардын өмүр жолу менен ишмердүүлүгүн терең үйрөнүүгө багыт берүү болуп саналат.

Студенттер өз эмгектеринде Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу, коомдук-саясий ишмердүүлүгү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы тууралуу мазмундуу ойлорун чагылдырышты.

Жыйынтыгында, №7 тескеменин негизинде калыстар тобу тарабынан төмөнкү 5 студент жеңүүчү деп табылды.

1-орун КТ-1-25 тайпасынын студенти Казакбаева Сайкал,

2-орун РЯЛ-1-25 Мехманходжаева Дурдона,

3-орун НТ-1-25 Аркытбекова Нуржан,

Активдүү катышкандар ЧТк-2-25 тайпасынын студенти Токторалиева Айназик,

ЛАк-2-25 тайпасынын студенти Нурадилова Аэлита.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана сыйлыктар тапшырылат.

Мындай иш-чаралар студенттердин жарандык позициясын калыптандырууга, тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук аң-сезимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.