1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

60

Филология институтунда 2025–2026-окуу жылынын I жарым жылдык отчеттук жыйыны  болуп өттү

27-февраль күнү Филология институтунда 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдык отчеттук жыйыны  болуп өттү. Жыйында институттун директору ф.и.к. Ч. Асылбекова төмөндөгүдөй маалыматтар боюнча отчетун угузду. Институттагы   кафедралар тарабынан пландаштырылган окуу жүктөмдөрү толугу менен аткарылып, билим берүү процесси жогорку деңгээлде уюштурулду. Окуу жылынын башында студенттердин контингенти такталып, бардык кыймылдар тийиштүү буйруктар менен өз убагында таризделди; учурда институтта жалпы 721 студент билим алууда. Студенттердин сабакка катышуусунун орточо көрсөткүчү 90%ды түзүп, өзгөчө 1-курстарда 100%дык көрсөткүч катталды. Санариптештирүү багытында AVN порталына силлабустар, лекциялар жана модулдук тесттер толук жүктөлүп, 20дан ашык ачык сабактар жана дуалдык окутуу элементтери ийгиликтүү ишке ашырылды.

Институттун ички кафедралар аралык рейтингинде Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 1-орунду (140 балл), Орус филологиясы 2-орунду (130 балл) жана Англис тили кафедрасы 3-орунду (120 балл) камсыз кылышты. Илимий багытта алты окутуучу докторлук жана кандидаттык диссертацияларын коргоонун жыйынтыктоочу этаптарында (70-80%) турушат. Коомдук-тарбиялык иштердин алкагында "Билим күнү", "Комуз күнү" жана "Тил майрамы" сыяктуу масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүп, студенттерибиз шаардык интеллектуалдык таймаштарда 1-орунду жеңип алышты. Ошондой эле, Ч. Айтматовдун жумалыгына карата театрларга жамааттык баруу жана социалдык колдоо акциялары уюштурулду. Жалпысынан, жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча бардык пландаштырылган иштер ийгиликтүү аткарылып, окуу-усулдук жана академиялык мобилдүүлүк багытында олуттуу өсүштөр байкалды. Филология институтунун 2025-2026-окуу жылындагы 1-жарым жылдыгынын отчету "канааттандыраарлык" деп табылды.