1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

33

5Е модели, платформалар боюнча мастер-класс

2025-жылдын 26-декабрь күнү филология институтунда окутуунун сапатын заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу максатында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу У.Омурзакова жана окутуучу Имаралы кызы Назбийке тарабынан институттун жалпы жамааты үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон мастер-класс уюштурулду. Бул иш-чара билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүү жана окутуунун интерактивдүү ыкмаларын жайылтуу багытында тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.

Мастер-класстын жүрүшүндө негизги басым бүгүнкү күндүн актуалдуу санариптик платформаларына жасалып, окутуучулар Canva жана Gamma программалары аркылуу визуалдык мазмунду сапаттуу даярдоо, Padlet интерактивдүү тактасы менен студенттердин кайтарым байланышын активдештирүү жана Kahoot платформасы аркылуу сабакты оюн түрүндө кызыктуу жыйынтыктоо жолдорун иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Мындан сырткары, окутуунун мазмунун тереңдетүү максатында заманбап 5Е модели кеңири тааныштырылып, анын ар бир этабы  кызыктыруу, изилдөө, түшүндүрүү, тереңдетүү жана баалоо кадамдары деталдуу талданды. Бул моделдин алкагында Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести мисал катары колдонулуп, студенттин чыгармадагы каармандардын ички дүйнөсүнө терең киришине, логикалык чынжырчаларды курууга жана өз алдынча жыйынтык чыгаруусуна кандай шарт түзүлөрү көрсөтүлдү. 5Е модели кадимки сабакты изилдөөчүлүк деңгээлге көтөрүп, окутуучуну жөн гана маалымат берүүчү эмес, багыт берүүчү куратор катары көрсөтө алды. Ошондой эле, мастер-класс Сингапур окутуу ыкмасына негизделген интерактивдүү оюндар менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге, топтордо иштөөнүн жаңы форматтарын өздөштүрүүгө шарт түздү. Жыйынтыгында, катышуучулар алган билимдерин практикада колдонуу аркылуу сабактарын кызыктуу жана натыйжалуу өтүүгө шыктануу алышты.