"Эне тилим - мурасым" фестивалы
2024-жылдын 21-февралында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026 – жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата студенттер арасында «Эне тилим - мурасым» аттуу фестиваль болуп өттү. Фестивалга филология факультетинин студенттери да катышышты. Филология факультетинин студенттери алты команда болуп кыргыз, орус, өзбек, түрк, немис жана англичандардын байыркы жана азыркы маданиятын, алардын ар биринин эне тилин, маданиятын, адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарын каада-салт жана искусство аркылуу көрсөтүштү. Фестивалдын максаты - азыркы муундарды бири-бири менен тааныштыруу, ар бир улуттун маданиятына урмат көрсөтүү жана элдердин достугун бекемдөө. Иш-чаранын соңунда келген коноктор жана комиссия мүчөлөрү филология факультетинин студенттерин фестивалдын жобосуна ылайык мыкты даярдангандыгын белгилешип, дипломдор жана сыйлыктарды тапшырышты.