1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

38

ФИЛОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНДА МАССАЛЫК АЧЫК ОНЛАЙН КУРС (MOOC) ӨТКӨРҮЛДҮ

        2025-жылдын 4–12-декабрь күндөрү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунда онлайн форматта массалык ачык онлайн курс (MOOК) уюштурулду. Курстун алкагында конок лектор катары Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филология илимдеринин доктору, профессор Айгуль Ермековна Бижкенова чакырылып, «Методология современных лингвистических учений»жана «Практическое значение цифровых корпусов и корпусной лингвистики» деген темаларда лекцияларды окуду. Лекциялардын жүрүшүндө тилди илимий изилдөөдө колдонулуучу негизги методдор, принциптер жана теориялык негиздер кеңири каралды. Заманбап лингвистиканын багыттары, анын ичинде корпустук лингвистика, психолингвистика жана социолингвистика тууралуу маалыматтар берилди. Бул студенттер менен окутуучуларга тилди системалуу жана илимий негизде изилдөөгө багыт алды. Иш-чара Google Meet платформасында өтүп, катышуучулар лекторго суроолорду берип, практикалык мааниге ээ болгон маалыматтарды алышты. Курска филология институтунун жана Чет тилдер колледжинин окутуучулары активдүү катышышты.Жыйынтыгында, катышуучулар профессор А.Е. Бижкеновага терең мазмундуу лекциялары үчүн ыраазычылык билдиришти. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, илимий-практикалык тажрыйба алмашууга маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.