1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

49

ЗАМАНБАП ОКУУ ҮЧҮН ЖУМУШЧУ ДЕПТЕР: СТРУКТУРА, МАЗМУН ЖАНА ДИЗАЙН

         Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун методикалык иштеринин 2025-2026-окуу жылына бекитилген иш планы боюнча мастер-класс уюштурулду. Мастер-класс “Заманбап окуу үчүн жумушчу дептер: структура, мазмун жана дизайн” деген темада болуп, англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, орус филологиясы, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедраларынын окутуучулары катышышты. Мастер-классты англис тили окутуучусу А.А.Сопукулова жетектеди. Бул иш-чаранын максаты жумушчу дептердин жогорку окуу жайда колдонуу зарылдыгын аныктоо,аны түзүү эрежелери менен таанышуу жана аларды талдоо болду.Катышуучулар аталган маселелерди талкуулап, топтордо предметтер боюнча жумушчу дептерде берилүүчү тапшырмаларды түзүштү жана баалоо критерийлерди аныкташты. Мастер-класска институттун директору А.А.Асылбекова, окуу бөлүмдүн башчысы А.А.Мирзахмедова жана жетектөөчү адис Т.А.Эргешова катышышып, заманбап окуу жана окутууда жумушчу дептердин эффективдүүлүгү,анын  дүйнөлүк тенденцияда орду бар экендигин айтышты.