1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

69

САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП КАРАЖАТТАРЫ

           Б. Осмонов атындагы филология институтунда «Санариптештирүү жана окутуунун заманбап каражаттары» аталышта илимий-практикалык жана методикалык семинар болуп өттү.Иш-чараны филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Ч. А. Асылбекова ачып, семинардын максатына, актуалдуулугуна жана билим берүү процессиндеги маанисине токтолду. Аталган семинардын тренерлери болуп Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин докторанты, филология илимдеринин кандидаты З. К. Мамбетова жана ушул эле университеттин доценти Д. С. Токтогазиева катышышты.Семинардын жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмалары көрсөтүлүп, окутууда колдонулуучу санариптик платформалар жана мобилдик тиркемелер менен иштөө жолдору кеңири тааныштырылды. Практикалык бөлүгүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, билим берүү процессинде колдонулуучу тиркемелерди практика жүзүндө өздөштүрүшүп, тажрыйба алмашып, интерактивдүү тапшырмаларды аткарышты. Семинар катышуучуларга санариптик технологияларды окуу процессине натыйжалуу интеграциялоого өбөлгө түзүп, заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу боюнча пайдалуу тажрыйба берди.