1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

ЖАМУнун Филология Институтунун студенттери Коррупцияга каршы мыкты видеоролик үчүн сыйланды!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында жана  9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн "Биз коррупцияга каршыбыз!" чыгармачыл сынагынын жыйынтыгы абдан кубандырат.

Сынактагы "Эң мыкты видеоролик" номинациясында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Филология институтунун ЧТк-4-24 тайпасы жеңүүчү деп табылды! Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жаштарыбыздын мамлекеттик маанилүү ишке кошкон салымы жана чыгармачылык активдүүлүгү жогору бааланды. Мыкты эмгектериңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!