1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

Филология институту Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 

"Б. Осмонов атындагы ЖАМУ" илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институту жана жаштар комитети 3-декабрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата студенттерди кайрымдуулукка үйрөтүү жана үндөө максатында Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде кайрымдуулук концерттик программасы менен барып келишти.Студенттер мекемеде тарбияланып жаткан балдардын абалынан кабар алып, аларга жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Атайын алар үчүн даярдалган ыр-бийлерин тартуулап көңүлдөрүн көтөрүштү.   Ошондой эле балдар үчүн чакан белектерди өз колдору менен тапшырып  кубантты. Аягында мекеменин жетекчилиги жана балдар   биздин топко жана университетибизге терең ыраазычылык билдиришти.