1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

61

СПИД- КЫЛЫМ ДУШМАНЫ!

СПИДке каршы дүйнөлүк күнгө арналган конок лекциясы

2025-жылдын 28-ноябрында СПИДке каршы дүйнөлүк күнгө карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Филология институтунун студенттерине конок лекция уюштурулду.

Иш-чарага Манас шаарынын гемоконтенттүү вирустук гепатиттер жана ВИЧ боюнча облустук борборунун өкүлдөрү почёттуу коноктор катары катышышты. Лектор, диспансер бөлүмүнүн башчысы Мамашов М.К. жана медсестра Орунбаева У.А. презентация даярдап, студенттерге  пайдалуу лекция окудулар. Алар Кыргыз Республикасындагы акыркы статистиканы, ВИЧ-инфекциянын таралышынын динамикасын, эң коркунучтуу топторду, заманбап диагностика ыкмаларын жана алдын алуу чараларын кенен баяндашты.

ВИЧ кантип жугат:

1. Кан аркылуу, инфекциялык куралдарды, инсулин сайгандарды же башка медициналык буюмдарды бирге колдонуу. Кан которулганда ВИЧ жуккан донордун канын алуу .

2.Жыныстык жол менен

Кондом колдонулбаган вагиналдык, оральдык же аналык секс учурунда.

ВИЧ менен ооругандын жыныс суюктуктары аркылуу.

3. Энеден балага (вертикалдык жол)

Эне кош бойлуу учурда, төрөт учурунда же эмчек сүтү аркылуу балага жугат.

Мындай иш-чаралар студенттердин маалыматтык деңгээлин жогорулатууга, өз ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырууга жана жаштар арасында алдын алуу маданиятын бекемдөөгө салым кошот.