1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

ФИЛОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНДА ЧЕТ ЭЛДИК КОНОК МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

          Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунда англис тили жана адабияты, немец тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедраларынын окутуучулары чет өлкөдөн келген конок менен мазмундуу жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын башкы лектору  Швейцариянын Эл аралык бизнес мектебинин директору, Эл аралык билим берүү тармагынын адиси Мартин Клотц болду. Ал  дүйнөлүк билим берүү тенденциялары, эл аралык тесттердин мааниси жана окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн үзгүлтүксүз улантуунун зарылдыгы тууралуу маек курду.Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, окутуучулар үчүн практикалык кеңештерге,  маалыматтарга жана түз баарлашууга мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чара эл аралык тажрыйба менен жакындан таанышууга өбөлгө болду.