1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

90

ФИЛОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ОКУМУШТУУЛАР КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ

 Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунда англис тили жана адабияты, немец тили жана адабияты, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедраларынын студенттери үчүн конок лекция болду. Иш-чаранын лекторлору  Швейцариянын Эл аралык бизнес мектебинин директору Мартин Клотц жана Франциянын Илим изилдөө институтунун кафедра башчысы Гюнтер Кологнаболушту.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер тилдердин айырмачылыктары, которууга мүмкүн болбогон сөздөр, тилдердин келип чыгышы, тарыхы жана этимологиясы тууралуу  маалыматтарды алышты. Ошондой эле, коноктор менен суроо-жооп форматындагы кызыктуу маек уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Чет элдик лекторлор Кыргызстанга, айрыкча Манас шаарына болгон жылуу пикирин билдиришип, мындан ары Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууну жана биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууну пландап жаткандыктарын белгилешти.Жолугушуу достук жана жылуу маанайда өтүп, студенттер үчүн пайдалуу жана шыктануу жараткан иш-чара болду.