1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

67

Филология институтунда Студенттик Кеңештин жаны курамы шайланып, маанилүү маселелер чечилди

2025-жылдын 4-ноябрында Филология институтунда маанилүү жыйын болуп өттү. Институттун директору, ф.и.к., Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевнажана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары,улуу октуучу Исабаева Ырысгуль, Студенттик Кеңештин (СК) мүчөлөрү жана тайпа башчылары менен жолугушуп, студенттик турмуштун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жыйында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Студенттик Кеңештин курамы жаңыланды: СКнын активдүү өкүлдөрү алмашып, жаңы курам шайланды. Бул студенттердин өзүн-өзү башкаруусун жана демдүүлүгүн арттырууга багытталган жаңы дем берет.

 Студенттер тарабынан көтөрүлгөн бир катар актуалдуу көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдору аныкталды.

Жыйындын башкы бөлүктөрүнүн бири — жакында боло турган Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулуучу иш-чараларды талкуулоо болду.

 Майрамдык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн жооптуулар дайындалып, атайын уюштуруучу топ түзүлдү.

Филология институтунан бул майрамга 100гө жакын мыкты, үлгүлүү жана таланттуу студенттердин катышуусу пландаштырылууда. Бул биздин студенттердин сапаттуу билимин жана чыгармачылык дараметин көрсөтүүчү чоң сыймык!