1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Филология институтунун студенттеринин практикасына көзөмөл жүргүзүлдү

2025-жылдын 4-ноябрында Филология институтунун жетекчилиги Манас шаарындагы мектептерде ФИнин 4-курстары өтөп жаткан мамлекеттик кесиптик-профильдик практикага көзөмөл жүргүзүштү.

Текшерүүгө Филология институтунун директору ф.и.к., Асылбекова Чырашкан жана англис тили жана адабияты кафедрасынан улуу окутуучу Алымкулова Гүлжан жана Атакелдиева Даткайым  коштоп жүрүштү. Алар Манас шаарындагы №9 жана №5 мектептерге барып, Филология институтунун 4-курсунун студенттеринин сабактарына активдүү катышып, алардын педагогикалык ишмердүүлүгүнө кылдат көзөмөл жүргүзүштү

  • Көзөмөлдүн жүрүшүндө:

Студенттердин сабак өтүү чеберчилиги, теориялык билимдерин практикада колдоно билүүсү, ошондой эле класстагы активдүүлүгү жана окуучулар менен болгон байланышы бааланды.

Жетекчилик тарабынан студенттердин сабакка болгон терең кызыгуусу жана жоопкерчилиги канааттандырарлык деңгээлде экендиги белгиленип, бул келечектеги адистердин даярдыгы жогорку сапатта жүрүп жаткандыгын айгинелейт.

Кошумча: Бул практикалык иш-чара студенттер үчүн кесиптик тажрыйба топтоонун гана эмес, ошондой эле мугалимдик кесиптин ар-намыстуулугун жана маанилүүлүгүн сезүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Студенттердин келечектеги билим берүүгө кошкон салымы чоң болоруна терең ишеним бар.