1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

130

Филология институтундагы ата-энелер менен жолугушуу кечеси

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында бүгүн ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Насиба Жумабекова  ата-энелер менен жолугушуу уюштурду. Бул  окуу жайыбызда жаш муундарыбызга билим берүү иштеринде болуп жаткан жаңылануулар, жетишкендиктери жөнүндө жана уул-кыздарыбыздын ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечекке болгон жаңы максаттары тууралуу жылуу баарлашуу ниетте өткөрүлдү. Ата-энелердин катышуусу окутуучулар үчүн  чоң кубаныч, студенттер үчүн зор сыймык болду. Анткени, ата-энелер бала баккан ыйык милдеттерин урматтоо менен жүрөктөрүн жылуулукка бөлөп студенттердин чыгармачылыгына, ыр-бийлерине, ыраазычылык сөздөрүнө күбө болуп кайтышты.