Филология факультетиндеги "Ачык эшиктер күнү"

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда 24-апрель күнү "Ачык эшиктер күнү" көргөзмөсү болуп өттү. Филология факультети да четте калбастан өз көргөзмөсүн уюштурду. Иш чаранын жүрүшүндө филология факультетиндеги англис тили жана адабияты кафедрасы, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы, орус филологиясы кафдрасы, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы жана маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедраларынын жетишкендиктери менен эмгектери коюлду. Көрөзмөгө шаардык мектептердин 9-класстарынын окуучулары менен мугалимдери чакырылды. Келген көрүүчүлөргө таасирдүү маектер уюштурулду.