1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

61

Филология факультетинин отчеттук жыйыны

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун фолология факультетинде 20-мартта жыйналыш болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде кафедра башчыларынын 2024-2025-окуу жылынын I жарым жылдыгынын отчетту, сыйлыктарды тапшыруу жана ар түрдүү маселелер каралды.  Жыйналышка факультеттин прөфессордук-окутуучулук курамы катышты. Анда факултеттеги бардык кафедра башчылары отчет беришти. Англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент  А. Калмуратова, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысынын орун басары У. Омурзакова, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы  М. Акбуюков, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы Н. Бекиева, орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент А. Жусуповалар 1-жарым жылдыктагы окуу-усулдук иштер, окуу-уюштуруу иштер, илимий-изилдөө иштери жана коомдук-тарбиялык иштери боюнча ар бирине кенен токтолушуп, жетишкендиктери менен бирге канааттандырарлык жактарын баса белгилеп өтүштү. Жыйындын аягында кафедра башчыларынын жарым жылдык отчёттору канааттандыраарлык деп табылды. Ошондой эле факультеттеги бир катар окутуучуларга  ЖАМУнун Ардак грамотасы жана факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты