1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

“Окутуунун инновациялык усулдары” деген темадагы тегерек стол

2024-жылдын 5-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инновациялык мектебинде «Окутуунун инновациялык усулдары» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарага  ОшМУдан келген конок ф.и.к., доцент Жолдошева А.О., ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы, п.и.д., профессор Уметов Т.Э., Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Калыбекова З.С., Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошалиева Н.С., кыргыз тили жана адабияты, орус филологиясы, англис тили жана адабияты, немис тили жана адабияты кафедралары жана студент-практиканттар катышышты.

Тегерек столдун максаты: Окутуунун инновациялык усулдары менен тааныштыруу жана аны баардык окутуунун билим уяларына жайылтуу болуп саналат. Жыйындын жүрүшүндө п.и.д., профессор Уметов Таалай Эгембердиевич доклад окуду.

Кийинки сөз: Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошалиева Нурия Султановнага берилип, ал практиканттардын жол карталары боюнча маалымат берди. Практикант студенттер окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу боюнча презентацияларды көрсөтүштү.

Акыркы жылдарда мугалимдердин интерактивдүү усулдарды активдүү колдонуунун натыйжасында окуучулардын кызыгуусун арттырып, билим берүүнүн сапаты жогорулап жатканы байкалды.

Мындан сырткары окуучу менен мугалимдин байланышы, мамилеси тууралуу да сөз болуп, бир топ сурооолор жаралып, кызуу талкуу жүрүп, жыйын аягында баары өз суроолоруна жооп алышып, базадагы иш-чара ийгиликтүү аяктады жана өз максатына жетти.