1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

146

Синтетикалык баңгизаттарды таратуунун алдын алуу

Калк арасында синтетикалык баңгизаттарды таратууну алдын алуу профилактикалык иш-чаралаларды жүргүзүү. Жалал-Абад областына караштуу улуттук коопсуздук комитетинен 2024-жылдын 27-мартта №04-5/3465-буйругун аткаруу максатында  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекекттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филол.и.к., доцент А.О.Калмуратова жана кафедра тарабынан факультетте билим алып жаткан студенттерге                “Синтетикалык баңгизаттарды  таратуунун алдын алуу" деген темада түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзөчө маанилүү иштери боюнча ага опер өкүлү, милициянын майору Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович жана  Жалал-Абад ШИИБдин ЖЖОИнин улук инспектору, милициянын капитаны Кадырова Самара менен жолугушуу өткөрүлдү.     

        Бул жолугушууда  синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери, түрлөрү жөнүндө слайд менен маалымат беришти. Табигый баңгизаттарга көнүү бир кыйла убакытты талап кылса, синтетикалык заттарга адам бат эле көз каранды болуп кетерин белгиледи. Синтетикалык баңгизатты колдонгон учурда адам реалдуулуктан өтө алыстап калат. Булар адамдын жүрүм-турумун өзгөртүп, ар кандай психикалык таасир тийгизиши мүмкүн. Сырткы келбетинен алганда көзү кызарып, теңселип басып жана мүнөзү ачык балдар үңкүйүп түнт тартып, тескерисинче, түнт балдар ачылып, жайдары болуп калат Баңгилик адамды наркотикти дайыма талап кылуу абалына жеткирип, анын акыл-эси жана күч-кубаты наркотикти кабыл алган же албагандыгына жараша болот. Ал ден соолукту бузуп, социалдык деградацияга дуушарлантат. Ушундай көрүнүштөр байкалса дарыгерлерге, тийиштүү кызматтарга кайрылуу керектигин билдирди. Ата-эне өз алдынча дарылай албаганын, адистер тажрыйбасына жараша ар кандай факторлорду эске алып дарылашаарын белгиледи.

Андыктан, ата-энелерге, окутуучуларга студенттердин кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен алдын алуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип турууну сунушташты. Жулугушуунун акырында студенттер тарабынан суроолор берилип, талкуу болду. Студеннттер синтетикалык баңгизаттын адамга канчалык таасири чоң экендигин  билишип, жашоодо  баңгизатты колдонуу зыйян экенин түшүнүштү.