1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

19

Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларына арналган сүрөт конкурсу

Бүгүн биздин Филология институтубузда улуу руханий, аалам алпы Чыңгыз Айтматовдун өлбөс-өчпөс чыгармаларына арналган сүрөт конкурсу болуп өттү. Айтматовдун ар бир чыгармасы — бул өзүнчө бир сырдуу аалам. Биз буга чейин Жамийланын сүйүүсүн, Толгонайдын кайратын, Ак кеменин тазалыгын китеп бетинен окуп, элестетип келсек, бүгүн ошол каармандар институттун студенттердин  сүрөттөрүнүн  кыл калеми аркылуу жанданып, көз алдыбызда турат.Бул конкурска үч кафедранын студенттери катышышты.Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы презентациясы менен сүрөт конкурсун ачышты. Англис тили жана адабияты кафедрасы жөн гана сүрөт галереясын көрсөтүштү. Ал эми Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы сүрөт конкурсуна кошуп Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш  көрсөтүшүп, көркөм окуу окушту.

Комиссиянын атынан бул сүрөт конкурсуна коюлган ар бир эмгекти кылдаттык менен  карап чыгып, сүрөттөрдөн жазуучунун терең философиясы, гуманизми жана улуттук духу даана сезилип турду. Филологдор үчүн сөз менен сүрөттүн мындай жуурулушуусу эң чоң руханий азык болуп саналат. Ошентип биринчи орунду Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасына, экинчи орунду Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасына жана үчүнчү орунду Англис тили жана адабияты кафедрасына берилди.