1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Тарых кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

222

1

Тарых профилинин адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-профилдик практикасын уюштуруу конференциясы

2023-2024-окуу жылындагы 29-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Тарых кафедрасынын 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профилиндеги Т-1-22 тайпасынын студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык, ошондой эле Т-1-20 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практикасынын алдындагы уюштуруу конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси ф.и.к., доцент З.С. Калыбекова, бөлүмдүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева, кафедра башчысы т.и.к, доцент Г.А.Анарбаева практика жетекчилери Ш.Б.Атабекова, М.К.Умарова жана Т-1-22, Т-1-20 тайпасынын студенттери катышышты. Тарых кафедрасынын практика боюнча жооптуу, улук окутуучу Ж.Т. Рысбаева практика боюнча жалпы маалыматтарды берип, практиканын максаты, милдети, компетенциясы, студенттер үчүн жол картасын көрсөтүп кетти.

Иш чарада студенттердин колдоруна жол карталар таратылып, техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүлүп, практикада аткарылуучу иштери боюнча кенен маалыматтар жеткирилди.

Студенттер өз практикаларын Жалал-Абад шаарындагы №5 жана №6 мектептерге, о.э Сузак жана Ноокен районуна караштуу мектептерге практикаларын өтөөгө жолдонмо алышты.