КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНӨ 100 ЖЫЛ
28.03.2024-жылында А.Кулумбетов атындагы Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык музейинин чакан коллективи тарабынан Кара-Кыргыз Автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата конференция болуп өттү.
Бул иш-чара Кыргыз элинин кылымдар бою басып өткөн тарыхын даңазалап, аны келечек урпактарга аздектеп сактап калтыруу максатында уюштурулуп, иш чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин кандидаты Сулайманов Эртабылды Жолдошевич, тарых кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гулнара Абдуманаповна, Канторо Шарипович Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты Дуйшеев Жеңишбек Аматисакович катышышты .
Окуучулар тарабынан патриоттук көркөм окуулар окулуп, концерттик программа тартууланып, музей кызматкери илимий баяндама жасады. Ал эми Кочкор-Ата балдар көркөм сүрөт мектеби тарабынан сүрөт көргөзмөлөр уюштурулду. Тарыхчы окумуштуулар тарабынан темага байланыштуу баалуу маалыматтар айтылып, окуучулар кызыктуу суроолорун узатып, жооп алышты. Музейдин директору А.М.Тешебаева Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Жыйындын соңунда окуучуларга тарых профилине профориентация иштери жүргүзүлүп, буклеттер тартууланды.