Иштиктүү сунуштар демилгеленген иш-чара

ЖАМУ Эл аралык жана дүйнөлүк окуу жайлар менен иштешүүнү улантат. Бул окуп жаткан студенттер жана окутуучулар үчүн мол тажрыйба. Окуу жайда дагы бир жемиштүү жолугушуу болду.
РФнын Алтай мамлекетик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору, "Чоң Алтай" Алтаистика жана түркология илимий борборунун эксперти Иван Иванович Назаров Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болду. Келген конокторду алгач окуу жайдын ректору профессор К. Ж. Усенов кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тарых профилинин бутүрүүчүлөрүнөн этнография жана археология адистиктери боюнча магистранттарды жана аспиранттарды даярдоо, окуу жайда “Алтай таануу” борборун түзүү, биргелешкен илимий долбоорлорду жана кош диплом берүүнү колго алуу багытында бир катар маанилүү демилгелердин айланасында иштиктүү баарлашуу болду. Жолугушууга ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректору доцент.К.Ж. Куваков, т.и.к. В. Э. Анарбекова, т.и.к., доцент Э.А. Авазовдор катышты. Өз кезегинде И.И. Назаров АлтМУнун жетекчилигине демилгелерди жеткирээрин жана эки тараптуу кызматашууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Андан соң ЖАМУнун стартап борборунда Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун тарых профилинин студенттерине И.И. Назаров тарабынан "Традиционная культура алтайев и кыргызов в фокусе этнографического изучения” деген темада конок лекция окулду. Лекциянын жүрүшүндө тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан берилген суроолорго жооптор алынды.
Лекциядан соң Алтаистика жана түркология институту тарабынан даярдалган Алтайлыктардын салттарына арналган фотокөргөзмөнүн уюштурулуп, студенттер кызыккан суроолорго жоопторду алышты. Иш-чаранын алкагында конокторду Манас шаарындагы айрым тарыхый обьектилерге саякат жасалды.
Белгилей кетсек, аталган борбор, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн түрк-монгол жана түрк-славян элдеринин байланыш жана биримдик маселелерине көңүл бурган илимий-педагогикалык, изилдөөчүлүк коомдоштуктардын күч-аракеттерин интеграциялоого, Алтай элдеринин бай тарыхый-маданий мурастарын сактоого багытталган.