Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы мобилдүүлүктө

2025-жылдын 24-апрелинен 26-апрелине чейин Өзбекстан республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин "Рзвитие человеческого капитала в цифровом обществе:возможности и перспективы" аталыштагы эл аралык илимий конференция өз ишин баштады. Биринчи күнү чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп тиешелүү адистерге мобилдүүлүк боюнча Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Тарых кафедрасынын башчысы т.и.к. ,доцент Г.А.Анарбаева жана "Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары" кафедрасынын башчысы п.и.к, доцент Г.Э.Маатазимовалар тарабынан сабактар өтүлүп, кафедралар менен мындан ары илимий жана мобилдүүлүк боюнча иш алып баруу боюнча сүйлөшүүгө жетишилди. Мүмкүнчүлүк түзүп берген жетекчилике терең ыраазычылык билдиребиз.