БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ
Б.Осмонов атындагы кадр кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 22-апрель күнү 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата уюштурулган тегерек столго катышышты.
Тегерек стол Кыргыз Республкасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери А.Эгембердиев жана Ч.Ташиевдер тарабынан 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулган.
Анда Жалал-Абад областынан келген ар кандай мекеме, ишканалардын өкүлдөрүнүн ортосунда эмгек мыйзамдары жөнүндө маек болуп, катышуучулар бири бири менен маалымат, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.