1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 часов назад

47

ЖАМУда Якутиядан келген өкүлдөр менен тажрыйба алмашуу жолугушуусу өттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Якутск шаарындагы №75 «Ивушка» балдарды өнүктүрүү борборунун мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору жана директордун орун басары келип тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу өткөрдү.

Анда кыргыз жана якут элдеринин маданий мурастарын сактоо, улуттук баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү жана мектепке чейинки билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу болду. Коноктор якут элинин «Олонхо» баатырдык эпосун балдарга үйрөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Ошондой эле кыргыз элинин «Манас» эпосу менен якут элинин «Олонхо» эпосунун улуттук маданияттагы орду, алардын тарбиялык мааниси жана жаш муундарды улуттук рухта тарбиялоодогу ролу талкууланды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде баатырдык эпосторду үйрөтүү аркылуу балдардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Өз кезегинде ЖАМУнун окутуучулары жана мектепке чейинки билим берүү багытында билим алып жаткан студенттер кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосун балдарга таанытуу боюнча пикир алмашышты.