1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 день назад

211

Манас шаарында балдарга акысыз медициналык кароо жүргүзүлдү

Манас шаарында балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган «Педиатриялык жардам: стандарттары, тажрыйбасы, жана колдоо көрсөтүү» аттуу республикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында адистер үчүн лекциялар, мастер-класстар уюштурулуп, тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Анда педиатрия тармагындагы заманбап медициналык стандарттарды талкуулоо, оорулардын алдын алуу жана аймактарда балдар кардиологдорунун санын көбөйтүү аркылуу медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө жүрөк кемтиги бар балдарга кардиолог, кардиохирург, неонатолог, педиатр жана башка тармактардын адистери тарабынан акысыз медициналык кароо жүргүзүлүп, ЭхоКГ жана мээнин УЗИси жасалды.

Семинарга ЖАМУнун Госпиталдык терапия кафедрасынын башчысы Першуков Игорь да катышып, медициналык адистердин кесиптик тажрыйба алмашуусуна жана кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошушту.