1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

71

ЖАМУда «Устаттарга таазим» аттуу майрамдык иш-чара өттү

5-октябрь — Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул күнгө карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Устаттарга таазим» аттуу майрамдык иш-чара өттү. Күн сайын жаш муунга билим берип, келечекке жол көрсөткөн агартуучуларга жакшы маанай тартууланды. Майрамдык иш-чарага ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сталбек Куваков катышты. Ал кесиптештерин куттуктап, билим берүү тармагында кошкон салымдарына токтолду.  «Устаттарга таазим» иш-чарасында таланттуу мугалимдер кесиптештерине өзгөчө урмат көрсөтүштү. Алар тарабынан концерттик программа тартууланып, кыргыз бийлери жана мугалимдерди даңктаган чыгармалар жаңырды.

Эске салсак, бул күн 2014-жылдын 24-октябрындагы Өкмөттүн токтому менен белгиленген. Бүгүнкү күндө ЖАМУда миңден ашуун окутуучу эмгектенет. Алардын үзүрлүү ишин белгилөө максатында окуу жайда жыл сайын майрамдык иш-чара уюштурулуп, мыкты кызматкерлер сыйланат.