УРМАТТУУ ОКУТУУЧУЛАР, МУГАЛИМДЕР ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар 5-октябрь мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мугалим бул элдин тиреги, билимдин булагы, келечектин калыптануусуна таасир этүүчү улуу күч. Ар бир инсандын ийгилиги алгач мугалимдин талыкпаган эмгегинин үзүрү. Учурда окуу жайыбыздын ар бир ийгилиги биздин окутуучулук курамдын, жалпы жамааттын эмгеги деп билем. Ошондуктан Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуучулар үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында бир катар маанилүү иштер аткарылууда. Окуу жайда жаңы имараттар курулуп, жаңылануу жана инфраструктураны жакшыртуу иштери улантылууда. Билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга бардык шарттар түзүлүүдө. Бул университетте эмгектенип жаткан окутуучуларга түзүлүп жаткан жагымдуу шарттардын бири. ЖАМУнун эмгек жамаатынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысынын жогорулашы алардын эмгегин татыктуу баалоонун жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө болгон мамлекеттик камкордуктун маанилүү көрсөткүчү.
ЖАМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүү, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана билим берүү уюмдары менен кызматташтыкты чыңдоо, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн, тажрыйба алмашуусун жана биргелешкен илимий-билимий долбоорлорду өнүктүрүү багытында да маанилүү кадамдар жасалууда. Бул иштер университеттин эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!
Сиздердин күнүмдүк талыкпас эмгегиңиздер, кесипке болгон берилгендигиңиздер жана студенттерге сапаттуу билим берүүгө кошкон салымыңыздар университеттин өнүгүүсүнүн негизги күчү болуп саналат.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгиликтер, чыгармачылык дем жана илимий-педагогикалык ишмердигиңиздерде жаңы жетишкендиктерди каалайм. Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, шакирттериңиздердин ийгиликтерине күбө болуп, университетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө биргеликте салым кошо берели!
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен Усенов Кеңешбек Жумабекович
ректор, техника илимдеринин доктору, профессор