1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

ЖАМУда кырсыктардын жана тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү

5-октябрь — Кырсыктардын жана тобокелчиликтердин алдын алуу күнү. Ага байланыштуу ЖАМУнун медициналык институтунда студенттер үчүн кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракеттенүү боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге өрт коопсуздугу, жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда көрүлүүчү чаралар тууралуу маалыматтар берилди.

Окутуулар тиешелүү адистер тарабынан практикалык көрсөтмөлөр менен коштолуп, студенттердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга багытталды.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен ЖАМУнун ортосунда мындай окуу-машыгуулар жылына эки жолу өткөрүлүп турат.