1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

137

Экономика жана укук колледжинде кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде студенттер арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана жаштарга туура багыт берүү максатында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Жолугушууга колледждин окутуучулары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, студенттерге кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле мыйзам талаптары, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери, укук бузуулар үчүн жоопкерчилик жана ар кандай кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн тиешелүү жоопторду алышты. Өзгөчө жаштар арасында кездешиши мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу жана кооптуу кырдаалдарга туш болгон учурда кайсы органдарга кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, укуктук маданиятын жогорулатуу жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.