1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

35

Жүрөгүңүздү акысыз текшертиңиз

29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Түштүк регионалдык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борбору жана Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте Манас шаарында «Жүрөгүңүздү текшертиңиз» аттуу акция уюштурулууда.

Акциянын негизги максаты  калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, ооруларды эрте аныктоо жана жарандардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоого багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар адистерден жүрөк-кан тамыр системасынын абалы, кан-басымдын абалы, жашыруун оорулар жана алардын алдын алуу жолдору боюнча маалымат жана кеңештерди ала алышат.

Акция 28–29-сентябрь күндөрү Манас шаарынын мэриясында жана Айгүл соода борборунда жүргүзүлүп жатат.