1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

Жумушчу топтун кезектеги отуруму ЖАМУда өттү

2026-жылдын 26-сентябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди өнүктүрүү концепциясынын» долбоорун даярдоо жана аны талкуулоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Отурум Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан 2026-жылдын 17- июлундагы  №2 24-904 тапшырмасын аткаруу жана «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди өнүктүрүү концепциясынын» долбоорун иштеп чыгуу боюнча  маселени талкуулады. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор  Нур Керимкулович Саралаевдин 2026-жылдын 14-сентябрындагы буйругуна ылайык жумушчу топ ишин жүргүзүүдө.

“Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди өнүктүрүү концепциясынын» долбоорун даярдоо жана аны талкуулоо боюнча жумушчу топтун отуруму Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жемиштүү иш алып барды. Жыйынга Н.К. Саралаев, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор А.Т.Балтабаева, ОшМУнун философия кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор К.А.Исаков, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Г.С. Токоева, профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Р.К.Шамшиев жана ушул багытта эмгектенген кесиптештер катышты.

Келечекте иштелип чыга турган концепциянын мазмуну жана негизги багыттары, философия жана социалдык-гуманитардык илимдердин  учурдагы абалы боюнча кеңири талкуу болуп, бир нече сунуштар айтылды.